Национальный рейтинг образования

УЛУТТУК РЕЙТИНГГЕ КИРГЕН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН ЛИДЕРЛЕРИ ЖАРЫЯЛАНДЫ

УЛУТТУК РЕЙТИНГГЕ КИРГЕН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН ЛИДЕРЛЕРИ ЖАРЫЯЛАНДЫ (ТИЗМЕ)
 

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

11 Июнь 2024 ж. 15:28

Көрүлдү: 208

Биринчи жолу Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын Улуттук рейтингин түзүү боюнча изилдөөнүн жыйынтыгы жарыяланды.

post.title

ЖОЖдор алты критерийдин негизинде бааланды:

  • академиялык бедел,
  • иш берүүчүлөрдүн баалары,
  • окутуунун сапаты,
  • цитирлөө индекси,
  • чет элдик мугалимдердин саны,
  • чет элдик студенттердин саны. 

Өзгөчө макамдагы 6 алты университет (КММА, КМТУ, ОшМУ, КУУ, КУАУ, КРСУ) жогорудагы бардык критерийлер боюнча жалпы рейтингинде топ-7нин ичине кирди. Төмөндө топ-10го кирген университеттер:

  1. И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы – 461.56 балл,
  2. “Ала-Тоо” Эл аралык университети –  453.58 балл,
  3. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – 436.74 балл,
  4.  Ош мамлекеттик университети – 415.84 балл,
  5. Кыргыз-Россия Славян университети – 412.74 балл,
  6. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 404.36 балл,
  7. К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети – 403.54 балл,
  8. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – 352.92 балл,
  9. М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети – 324.3 балл,
  10. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети – 318.12 балл.

Ар бир критерий боюнча университеттердин көрсөткүчү менен https://rating.kg/rating/about-overall-rating сайтынан таанышууга болот.

Белгилей кетсек, рейтингди түзүү иштери 2023-жылдын октябрында маалыматтарды берүүгө макул болгон 27 университет менен келишимдерге кол коюу менен башталган. 2024-жылдын январынан бери EdNet агенттигинин сурамжылоосуна 1001 мугалим жана 507 иш берүүчү катышкан.

Бөлүшүңүз

ссылка: 

https://edu.gov.kg/