Рейтинги агентства EdNet

УЛУТТУК РЕЙТИНГДЕ КАЙСЫ ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАР АЛДЫДА?

 

Кыргызстанда биринчи жолу жогорку окуу жайларынын Улуттук рейтингин түзүү боюнча изилдөөнүн жыйынтыгы жарыяланды. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал жогорку окуу жайлар академиялык бедели, иш берүүчүлөрдүн баалары, окутуунун сапаты, цитирлөө индекси, чет элдик мугалимдердин жана чет элдик студенттердин саны сыяктуу жалпысынан алганда алты критерийдин негизинде бааланган.

Өзгөчө макамдагы 6 алты университет (КММА, КМТУ, ОшМУ, КУУ, КУАУ, КРСУ) жогорудагы бардык критерийлер боюнча жалпы рейтингде топ-7нин ичине кирди. Төмөндө топ-10го кирген университеттер:

И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы – 461.56 балл;

“Ала-Тоо” Эл аралык университети – 453.58 балл;

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – 436.74 балл;

Ош мамлекеттик университети – 415.84 балл;

Кыргыз-Россия Славян университети – 412.74 балл;

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 404.36 балл;

К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети – 403.54 балл,

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – 352.92 балл;

М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети – 324.3 балл;

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети – 318.12 балл.

Ар бир критерий боюнча университеттердин көрсөткүчү менен https://rating.kg/rating/about-overall-rating сайтынан таанышууга болот.

Белгилей кетсек, рейтингди түзүү иштери 2023-жылдын октябрында маалыматтарды берүүгө макул болгон 27 университет менен келишимдерге кол коюу менен башталган. 2024-жылдын январынан бери EdNet агенттигинин сурамжылоосуна 1001 мугалим жана 507 иш берүүчү катышкан.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
«Кут Билим"

Баардык маалыматтар бул сайтта: Национальный рейтинг образования (rating.kg)