Рейтингди аныктоодо көрсөтүлгөн критерийлер жана сурамжылоо боюнча эки башка жыйынтык жарыяланган. Рейтингде кайсы окуу жайлар сап башына чыкты жана баалоо ыкмалары, критерийлер кантип аныкталды?
Рейтингди жүргүзгөн EdNet билим берүү сапатын камсыздоо агенттигинин президенти Оңолкан Уманкулова “Азаттыкка” маек курду.
- Оңолкан айым, жогорку окуу жайлардын рейтинги кантип аныкталды? Мында кайсы ыкма, методология колдонулду?
- Бул рейтинг Билим берүү жана илим министрлигинин буюртмасы менен жүргүзүлдү. Анда бизге эл аралык QS рейтингинде колдонулган методологияларга жакын ыкманы колдонуу керектигин айтышкан. Ошол себептүү рейтингдин методологиясын QS рейтингиндеги критерийлердин негизинде иштеп чыктык. Алты критерий – академиялык бедел, жумуш берүүчүлөрдүн баалоосу, окутуунун сапаты, цитаталоо индекси, чет элдик окутуучулардын жана студенттердин саны тандалды.
Биз QS рейтингинен бир аз айырмаланып, критерийлерди жергиликтүү же өлкө ичиндеги жагдайга ылайыкташтырдык. Биз колдонгон методология эл аралык талаптарга жооп берет жана бул өлкөдөгү жогорку окуу жайлары үчүн келечекте дүйнөлүк рейтингдерге кирүүгө даярдык болот деп айта алабыз.
Рейтингдин алкагында өлкөдө биринчи жолу масштабдуу сурамжылоо жүрүп, ага 1001 окутуучу катышты. Алар методологияга ылайык, өздөрү иштеген окуу жайга эмес, башка университеттерге баа беришти. Жогорку окуу жайлардагы кафедралар өздөрү эң кадыр-барктуу деп эсептеген онго чейин окутуучуларды сунуштады. Биз аягында үч жана андан көп упай алган окутуучуларды, илимдин кандидаттарын, докторлорун жана PhD илимий даражасы барларды тандадык.
Мындан тышкары ачык булактардагы маалыматтардан карап, өлкөдөгү кадыр-барктуу илимпоздорду да коштук. Ошентип, 1001 окутуучу аныкталып, алар менен көзмө-көз көрүшүп, сурамжылоо алынды. Өлкө боюнча 18 кишиден турган топ иштеп, сурамжылоого катышкандардын жообун дароо атайын компьютердик программага каттап, автоматтык түрдө упайлары эсептелди. Мындан тышкары Таластан башка бардык аймактардан 507 жумуш берүүчү да сурамжылоого катышты.
Бул облустагы Талас мамлекеттик университети рейтингге кирбегени үчүн ал жерде сурамжылоо жүргүзүлгөн жок. Жумуш берүүчүлөр да окуу жайлар тууралуу пикирин билдирип, тийиштүү суроолорго жооп берди.
- Бул рейтинг канча окуу жайды камтыды жана сап башына кайсы окуу жай чыкты?
- Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда негизинен 81 жогорку окуу жай бар экен. Аягында рейтингге 55 окуу жайды киргизүү боюнча чечим кабыл алынды. Анткени ишмердигинин өзгөчөлүгүнө байланыштуу айрым окуу жайлар четтетилди. Мисалы, кайсы бир окуу жай чет өлкөдөгү университеттин филиалы болуп чыкса, бир тармактуу окуткан аскердик академияны же Ислам университетинде ошол тармакка тиешелүү ыкмалар колдонулгандыктан, аны жалпы методология менен баалоого мүмкүн эмес.
Ошентип, биз 55 окуу жайга байланышып, аягында 27 окуу жай толук катышууга макул болду. Демек, 27 окуу жай тууралуу алты критерийдин негизинде толук маалымат алынды. Ал эми калган 28 окуу жай боюнча окутуучулардын жана жумуш берүүчүлөрдүн сурамжылоосунун негизинде алынган гана маалымат бар.
Ошентип, рейтингге 27 окуу жай кирсе, жалпы 55 университет боюнча сурамжылоонун негизинде чыккан көрсөткүч жарыяланды. Рейтингде эң жогорку упай 1000 деп белгиленип, алдыңкы сапка чыккан Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы 476 упай алды. Андан кийинки орунда Эл аралык “Ала-Тоо” университети, Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университети, Ош мамлекеттик университети, Кыргыз-орус славян университети жайгашты.
Ал эми окутуучулардын сурамжылоосунун негизинде чыккан жыйынтыкты алсак, ал жердеги тизме башкача. Сап башында Кыргыз-түрк “Манас” университети, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Арабаев атындагы мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик университети жана Раззаков атындагы кыргыз техникалык университети жайгашкан. Рейтинг тууралуу толук маалыматтар rating.kg сайтына жайгаштырылган.
- Эгерде рейтингдеги эң жогорку чек 1000 упай болсо, тизмеде биринчи сапка чыккан окуу жайдын топтогон упайы анын жарымына да жетпей жатканы эмнеге байланыштуу?
- Ооба, ушундай көрүнүш байкалды. Бирок мындай улуттук рейтинг өлкөдө биринчи жолу жасалып жатканын да эске алуу керек. Биздин окуу жайлардан сураган маалыматтарыбыз да алар үчүн жаңылык болду. Министрлик бул рейтингди такай өткөрүп, буга бардык окуу жайлар милдеттүү катышуусу керек деген саясат жүргүзүп жатат. Алдыда университеттер буга олуттуу мамиле жасап, керектүү маалыматтарды берүүнү жолго салса, көрсөткүчтөр мындан да жакшырат деп ойлойм.
- Бул рейтингдин жүрүшү менен Кыргызстандагы бардык окуу жайларга мүнөздүү кандай көйгөйлөр ачыкка чыкты деп ойлойсуз?
- Рейтингдин жыйынтыгы менен мамлекеттик жана университеттин деңгээлинде каралчу бир катар маселелер аныкталды деп ойлойм. Алардын башында илим же илимий ишмердик турат. Эл аралык болсун, жергиликтүү болсун, бардык рейтингдер алгач жогорку окуу жайлардагы илимий ишке көңүл бурат. Жүргүзүлгөн рейтингге карасак, тилекке каршы, биздин окуу жайлардын ишмердигинде илимге анчейин басым жасала элек. Илимий маалыматтарды системалаштыруу, илим боюнча тажрыйба алмашуу жана башка ушул багыттагы ишмердигибиз эл аралык рейтингдерде алдыңкы сапка чыгуу үчүн жетишсиз экенин айтсак болот. Бул үчүн биздин окуу жайлар илимий изилдөөлөрдүн санына эмес, сапатына басым жасашы керек. Анткени жылына ушунча санда макала жарыяланды дегени менен, эл аралык алкакта анын сапатына, канчалык беделдүү журналга жарыяланганына карашат. Бул жаатта министрлик ар бир окуу жайга илим тармагын өнүктүрүү боюнча тапшырмаларды берсе болот.
Экинчи аныкталган көйгөй – жумуш берүүчүлөр менен болгон мамиле. Бул эл аралык тажрыйбада өтө маанилүү критерий болгону менен, биздеги окуу жайлар буга көп маани бербейт. Алар бүтүрүүчүлөрүнүн деңгээлин, билим алгандан кийинки жолун жумуш берүүчүнүн талабы менен карабайт. Бул маанилүү өңүт.
Үчүнчү бир маселе – илимдин артынан түшкөн адистердин “картайып баратканы”. Башкача айтканда, бизде илим жактаган жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөндөрдүн басымдуу бөлүгү - улгайган курактагы адистер. Бул чоң маселе, узак мөөнөттүү перспективаны эске алганда, тынчсыздандыра турган жагдай. Бизде илимдин кандидаттары жана докторлору бар. Бирок эл аралык деңгээлдеги PhD даражалуу адистер аз, бул илимий жаатта жаңылануу үчүн маанилүү фактор. Мен негизги үч көйгөйгө токтолдум, мындан башка да маселелер көп.
- Билим берүү жана илим министрлиги бул рейтинг такай жүргүзүлүп турарын маалымдады. Мындай баалоо иштери жогорку окуу жайлардын деңгээлинин жогорулашына, улам өзгөрүп жаткан заманбап жана дүйнөлүк талаптарга, чакырыктарга жооп бере турган өзгөрүүгө туруштук берүүгө жардам береби?
- Албетте, мындай рейтингдер жогорку окуу жайларын заман талабына жараша кадр даярдоого, студенттери эмгек рыногуна ылайыктуу болушу үчүн туура багыт тандоосуна жардам берет. Рейтингдеги баалоо критерийлери туруктуу эмес, ал да заман талабына жараша өзгөрүп турат. QS рейтингин алсак, быйыл 2023-жылдагы баалоо ыкмасын өзгөртүп, кошумча үч критерийди кошту. Анткени дүйнө өзгөрүп жатканда жогорку окуу жайларга талап да өзгөрүп турушу кажет. Биздин да методологиябыз улам өзгөрүп, кошумча критерийлер кирип турат. Бул баалоо ыкмалары окуу жайларга улам өзгөрүп жаткан глобалдык дүйнөдө студенттерге кандай билим, кайсы багытка артыкчылык берүү керектигин көрсөтүп турмакчы.
Баардык маалыматтарды бул сайттан табасыз: Национальный рейтинг образования (rating.kg)