Билим берүү программалардын сапатын изилдөө эл аралык практиканын негизинде жүргүзүлдү - Уманкулова

ЖОЖдордун билим берүү программаларынын сапатын изилдөө эл аралык практиканын негизинде жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында EdNet билим берүү сапатын камсыздоо агенттигинин президенти Оңолкан Уманкулова билдирди.

Анын айтымында, жүргүзүлгөн изилдөө кемсинтүү максатында эмес, тескерисинче, ЖОЖдордун күчтүү жана алсыз жактарын аныктап, эл аралык программаларга катышууга жол ачуу үчүн жасалган.

“Бул изилдөө ЖОЖдордун дүйнөлүк аренадагы абалын жакшыртууга жардам берет. Рейтинг министрликке да, ата-энелерге да, студенттерге да багыт берүүчү курал болуп кызмат кылат. Жалпы ЖОЖдордун рейтинги эки жылда бир жүргүзүлөт, ал эми билим берүү программаларынын рейтинги анын ортосунда жүргүзүлүп турат. Баалоо критерийлери да өзгөрүп турат. Биз үчүн улуттук рейтингдер дүйнөлүк рейтингдерден артта калбашы абдан маанилүү,” – деди ал.

Читать статью полностью
Вся информация на сайте: Национальный рейтинг вузов Кыргызской Республики (rating.kg)