ЖОЖДОРДУН РЕЙТИНГИ АНЫКТАЛДЫ
18-июнда “Кабар” маалымат агентигинде Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги EdNet билим берүү жаатындагы сапатты кепилдөө боюнча агенттиги менен биргеликте жалпыга маалымдоо каражаттарынын, билим берүү коомчулугунун өкүлдөрүн жана кызыкдар тараптарды өлкөдөгү жогорку окуу жайларынын билим берүү программаларынын биринчи рейтингинин жыйынтыгын чыгарууга арналган пресс-конференция болду.
Агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов өлкөдөгү ЖОЖдордун рейтинги алты багыт боюнча аныкталып, ага көз карандысыз эксперттер, иш берүүчүлөр катышканын , сурамжылоолор 8 этаптан турганын, билимдин сапатын жакшыртууга, окуу жайлар ортосундагы атаандаштыкты күчөтүүгө өбөлгө болгонун билдирди.
-Рейтинг аныктоо ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин формасына карабастан Кыргызстандын бардык ЖОЖдорун камтыды жана өлкөдөгү жогорку билим берүүнүн кадыр-баркын жогорулатуунун жана таанымалдуулугун арттыруунун маанилүү куралы болуп калды.
Кыргызстан билим берүү программаларынын сапатын жана алардын эл аралык стандарттарга шайкештигин жогорулатууга багытталган рейтинг системасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Рейтингдин натыйжалары ЖОЖдорго күчтүү жана алсыз жактарын аныктоого, мыкты окутуучуларды жана студенттерди тартууга жана заманбап билим берүү стратегияларын түзүүгө мүмкүндүк берет,-деди министрдин орун басары.
EdNet билим берүү жаатындагы сапатты кепилдөө боюнча агенттигинин президенти Оңолкан Уманкулованын айтымында, быйыл 50дөй жогорку окуу жайлардын билим берүү программалары: педагогика, дарылоо иши,юриспруденция, эл аралык мамилелер, экономика,маалыматтык технологиялар, маалыматтык системалар жана технологиялар багытында бааланып, жыйынтыктары чыгарылып, рейтинг.кж сайтына жарыяланды.
Быйылкы жалпы рейтингдин жыйынтыгы боюнча биринчи орунду 461, 56 упай алган Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы ээледи.
Экинчи орунду “Ала-Тоо” эл аралык университети ээлеп, 453, 58 упайга татыктуу болушту. Үчүнчү орунга Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети чыгып, алардын упайы 436, 74 болду. Төртүнчү орунда- Ош Мамлекеттик университети, бешинчи орунда Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети, алтынчы орунга Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, жетинчи орунга- К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, сегизинчи орунга И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, тогузунчу орунга М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети, онунчу орунга К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети турду.
Ошондой эле алты багыт боюнча дагы ЖОЖдордун рейтинги өзүнчө чыгарылды.
жылы министрлик EdNet агенттиги менен биргеликте ЖОЖдордун биринчи улуттук рейтингин өткөргөн, бул билим берүү мекемелерине ачык-айкын жана объективдүү баа берүүдө маанилүү кадам болгон. Быйылкы жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана EdNet агенттиги аталган демилгени жигердүү өнүктүрүп, жогорку билим берүү системасын андан ары жакшыртууга багытталган билим берүү программаларынын рейтингин ишке киргизди. Эмдиги жылы дагы Агартуу министрлиги жана Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлиги менен бирдикте EdNet агенттиги дагы кошумча багыттар боюнча ЖОЖдордун рейтингин аныктоо иш-аракеттерин көрүшмөкчү.