Борбор калаадагы жеке менчик мектептердин кайсынысы алдыңкы орунда?

Борбор калаадагы жеке менчик мектептердин кайсынысы алдыңкы орунда?

 

 

Бишкек, 02.07.25. /Кабар/. Мектеп тандоо өлкөдөгү миңдеген үй-бүлөлөр үчүн негизги маселелердин бирине айланууда. Ата-энелер жашаган аймактагы мамлекеттик мектепке барууну же жеке билим берүү мекемесин тандай алышат.

Бирок, мамлекеттик мектептер жөнүндө негизги маалымат бар болсо да, жеке мектептерде билим берүүнүн сапатын баалоо көп учурда кыйынга турат.

Борбор каалада 85тен ашык жеке менчик мектеп катталган.

Алардын айрымдары кеңири белгилүү болсо, айрымдары тууралуу маалымат аз.

Мындан улам быйыл EdNet билим сапатын камсыздоо агенттиги Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин колдоосу менен Бишкек шаарындагы жеке менчик мектептердин биринчи кесиптик көз карандысыз рейтингин жүргүзгөн.

Рейтинг билим берүүнүн сапатын баалоо боюнча эл аралык стандарттарды эске алуу менен иштелип чыккан жана КМШ өлкөлөрүнүн, АКШнын, Улуу Британиянын, БАЭнин алдыңкы тажрыйбаларына негизделген.

Рейтингди жүргүзгөн EdNet билим берүү сапатын камсыздоо агенттигинин директору Оңолкан Уманкулованын айтымында, бул ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана ата-энелерге туура тандоо жасоого жардам берүү максатында иштелип чыккан алгачкы рейтинг.

“Мектептер төмөнкү төрт негизги критерийдин алкагында 100 параметр боюнча бааланган:

  • Окуу шарттары;
  • Академиялык жыйынтыктар;
  • Мектептин ачык-айкындуулугу жана маалыматтын жеткиликтүүлүгү;
  • Лидерлик жана башкаруу.

Мектептерден маалыматтар 2024-жылдын декабрынан 2025-жылдын мартына чейин чогултулган. Ошондой эле 60 эксперт жана 20дан ашык жеке менчик мектептердин жетекчилери арасында кесиптик социологиялык сурамжылоо жүргүзүлгөн. Долбоорду ишке ашырууга 20га жакын адистерден турган топ тартылган. Аларга аналитиктер, IT-иштеп чыгуучулар, мугалимдер, социологдор жана координаторлор кирет”,-деди ал.

Уманкулова белгилегендей, рейтингтин жыйынтыгы менен башталгыч класстар категориясында төмөнкү 6 мектеп алдыга чыккан:

  • "Абитуриент Плюс" классикалык билим берүү мектеби;
  • Жеке мектеп Smart School;
  • Мектеп "Келечек MIT";
  • “Светоч” жалпы билим берүү комплекси;
  • "Эпсилон" жалпы билим берүү мектеби;
  • “Приоритет” окуу-тарбиялык комплекси.

Толук циклдеги мектептер категориясында топ-6га төмөнкүлөр кирген:

  • “Светоч” жалпы билим берүү комплекси;
  • "Эпсилон" орто мектеби;
  • “Келечек MIT” классикалык билим берүү мектеби;
  • “Приоритет” окуу-тарбиялык комплекси;
  • “Автордук” автордук мектеп-комплекси.

“Рейтингге бардык жеке менчик мектептер катышкан жок: алардын айрымдары керектүү маалыматты берген эмес. Мындай учурларда баа ички маалыматтарды эсепке албастан, эксперттик корутундунун негизинде гана түзүлгөн. Бул мектептердин рейтингдери толук эмес жана кошумча маалыматтар келип түшкөндө кайра каралышы мүмкүн дегенди билдирет. Бирок алар жалпы коомчулук үчүн ачык маалымат базасынын алкагында реестрге киргизилген”,-деди ал.

Уманкулова ошондой эле, рейтингдин бардык жыйынтыктары менен www.rating.kg сайтынан таанышууга болорун кошумчалады.