Башталгыч мектеп
Рейтингдин методологиясы
EdNet агенттигинин менчик мектептер боюнча рейтинг түзүү методологиясы
EdNet агенттиги тарабынан иштелип чыккан менчик мектептердин рейтинги АКШ, Улуу Британия, БАЭ, Россия жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын кылдат талдоонун негизинде түзүлгөн оригиналдуу методология боюнча жүргүзүлөт. Бул методология мектептер көрсөткөн билим берүү кызматтарынын деңгээлин аныктаган объективдүү жана комплекстүү көрсөткүчтөрдү, ошондой эле эксперттер менен мектеп жетекчилеринин сурамжылоосун камтыйт. Максаты — ата-энелерге балдары үчүн мектеп тандоодо маалыматтуу жана негизделген чечим кабыл алууга жардам берүү.
Сурамжылоону өткөрүү үчүн менчик мектептердин жетекчилери тарабынан ар бири 10дон эксперт сунушташкан. Бул эксперттердин катарына мектептик билим берүү жаатындагы адистер, Бишкек шаарынын мамлекеттик мектептеринин директорлору, Билим берүү жана илим министрлигинин, шаардык билим берүү башкармалыгынын, КАОнун жана башка уюмдардын учурдагы жана мурдагы жетекчилери менен кызматкерлери кирди.
Экинчи сурамжылоого Бишкек шаарындагы менчик мектептердин директорлору, негиздөөчүлөрү жана окуу бөлүм башчылары (завучтар) катышкан.
Мындан тышкары, рейтингге катышууга макул болгон бардык менчик мектептер мектептик сурамжылоону толтурушкан. Бул сурамжылоонун жыйынтыгында окуу шарттары, академиялык жыйынтыктар, билим берүү чөйрөсү жана башка аспектилер боюнча баллдык баалар берилген.
Рейтинг 6 этаптан турат:
I этап.
Алгачкы этапта EdNet агенттигинин жетекчилиги мектеп жетекчилери менен жолугушууларды өткөрүп, рейтингдин максаты, методологиясы жана этаптары тууралуу түшүндүрмө берген. Жолугушуудан кийин мектептер менен келишим түзүлүп, ар бир мектептен бирден координатор дайындалган.
II этап.
Бул этапта мектеп өкүлдөрү www.rating.kg маалымат системасына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Мектептин координатору төмөнкү жооптуу кызматкерлерден керектүү маалыматтарды алган:
- мектеп директорлору;
- мектептин завучтары.
Бул адамдар менчик мектеп системасын жакшы билген, улуттук жана эл аралык билим берүү системаларында тажрыйбалуу 10дон эксперттин аты-жөнүн жана байланыш маалыматтарын киргизишкен.
III этап.
Координатор мектеп боюнча сурамжылоону толтурган. Бул сурамжылоо мектепке өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана келечектеги багыттарын толук чагылдырууга мүмкүнчүлүк берет.
IV этап.
Координатор бардык маалыматтарды толтургандан кийин, EdNet командасы жумшак рейтинг ыкмасы жана агенттиктин эксперттеринин пикиринин негизинде 100 алдыңкы экспертти жана 120 мектеп директору менен завучту аныктаган.
V этап.
Бул этапта эксперттер, мектеп директорлору жана завучтар арасында сурамжылоолор жүргүзүлгөн.
VI этап.
Сурамжылоолордон кийин Бишкек шаарындагы менчик (бюджеттен тышкаркы) мектептердин рейтинги түзүлгөн. Рейтингдин жыйынтыгы атайын компьютердик программа аркылуу эсептелген жана бул этап 2025-жылдын 1-июнуна чейин аяктаган.
Бишкек шаарындагы менчик мектептердин рейтинги
Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында 80ден ашуун менчик мектеп иш алып барат. Ар бир мектеп ар түрдүү билим берүү кызматтарын сунуштайт. Ата-энелер жана окуучулар бул көп түрдүүлүктө багыт алуу кыйынчылыгына туш болушат. Ушул себептен Бишкек шаарындагы менчик мектептердин рейтинги билим сапатын баалоо жана ылайыктуу мектеп тандоо үчүн маанилүү курал болуп саналат.
Биздин рейтингге Бишкек шаарынын расмий түрдө катталган жана мамлекеттик лицензияга ээ болгон, диний эмес менчик мектептер гана киргизилет.
Рейтингге катышуу критерийлери:
Толук лицензиясы бар мектептер: Рейтингге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик лицензиясы бар мектептер гана кирет.
Иш тажрыйбасы: Мектепте жок дегенде бир толук бүтүрүү болушу шарт. Бул билим берүү процесси реалдуу түрдө ишке ашырылып, жыйынтыгы бар экенин көрсөтөт.
Өзгөчө учурлар: Жаңы ачылган мектептер, кечки мектептер, сырттан же дистанциялык окутууну жүргүзгөн мекемелер рейтингге киргизилбейт.
Мамлекеттик жана муниципалдык мектептер: Мамлекеттик жана муниципалдык мектептер, мамлекеттик бюджеттен каржыланган окуу жайлар рейтингге кошулбайт.
Мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык келиши: Мамлекеттик билим берүү стандарттарына (МББС) жооп бербеген мектептер рейтингге катыша албайт.
EdNet тарабынан ишке ашырылган менчик мектептердин рейтинги — Бишкек шаарындагы алдыңкы билим берүү мекемелери тууралуу ачык-айкын жана объективдүү маалыматты сунуштайт. Бул рейтинг ата-энелер менен окуучуларга мектеп тандоодо кеңири критерийлердин негизинде негиздүү чечим кабыл алууга көмөктөшөт.
Биздин биринчи рейтингде бардык мектептерди алган упайларына жараша үч топко бөлдүк:
Эн мыкты деңгээл
- Мектеп стандарттык талаптардан бир топ жогору туруп, уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт.
- Окуу процесси — Адистештирилген программалар, тереңдетилген курстар, жеке мамиле, алдыңкы университеттерге даярдоо каралган.
- Окутуучулар жамааты — Өз тармактарында лидер болгон, кесиптик жактан активдүү өнүгүп жаткан мугалимдер.
- Материалдык-техникалык база — Инновациялык технологиялар, заманбап лабораториялар, ыңгайлуу шарттар каралган.
- Коопсуздук жана тамактануу — Бардык аспектилердин жогорку деңгээлде уюштурулушу, транспорттук жеткиликтүүлүк, окуучуларды ташуу кызматы бар болгондугу.
- Репутация — Мектеп белгилүү бир тармакта же жалпы билим берүү тармагында шаардын алдыңкы мекемеси катары таанылган, бүтүрүүчүлөрү алдыңкы университеттерге кабыл алынат.
- Мектепти башкаруу — Стратегиялык көз карашка ээ кесипкой башкаруучу команда, инновацияларды киргизип, күчтүү билим берүү коомчулугун түзүүну коздойт.
Жакшы деңгээл
- Мектеп мамлекеттик талаптарды аткарат жана өркүндөтүлгөн окуу шарттарын сунуштайт.
- Окуу процесси — терендетилген программалар, кошумча сабактар, окуучулардын мүмкүнчүлүктөрүн ачууга жардам берүүчү ыкмалар.
- Окутуучулар жамааты — Кесиптик жактан тажрыйбалуу, мотивациясы жогору мугалимдер, үзгүлтүксүз квалификациялык жана жогорулатуу курстарынан өтүп турушат.
- Материалдык-техникалык база — Заманбап жабдуулар, ыңгайлуу чөйрө, өркүндөтүлгөн окуу шарттары.
- Коопсуздук жана тамактануу — Жогорку деңгээлдеги онтойлуулук (комфорт), ден соолукка пайдалуу тамактануу, коопсуздук системасынын өркүндөтүлүшү.
- Репутация — Мектеп ата-энелер жана окуучулар арасында жакшы репутацияга ээ, бүтүрүүчүлөрү университеттерге ийгиликтүү тапшырат.
- Мектепти башкаруу — Билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө, окуу процессин жаңылоого жана мугалимдерди колдоого багытталган эффективдүү жетекчилик.
Баштакпы деңгээл
- Мектеп мамлекеттик стандарттарга туура келет, бирок минималдуу кошумча мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт.
- Окуу процесси — белгиленген предметтик талаптарга ылайык жүргүзүлөт.
- Окутуучулар жамааты — Негизги талаптарга жооп берген квалификациялуу мугалимдер.
- Материалдык-техникалык база — Зарыл болгон окуу китептери, жабдуулар жана минималдуу лабораториялар топтому бар.
- Коопсуздук жана тамактануу — Нормативдик талаптарга туура келип, окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыздайт.
- Репутация — Мектеп оз районунда белгилүү, бирок көрүнүктүү жетишкендиктери же таанылуусу жок.
- Мектепти башкаруу — Административдик команда негизги башкаруу милдеттерин аткарат, бирок стратегиялык өнүгүү же инновацияларды киргизүүгө умтулбайт.
«Бул уюм рейтингге катышуудан баш тарткан"деген эмнени билдирет?
Рейтингге катышуудан баш тарткан мектептер — булар EdNet агенттигинде алардын билим берүү системасы боюнча толук маалымат жок болгон мектептер. Бул учурда баалоо толук эмес болуп, негизинен Бишкек шаарындагы мектептердин жетекчилери жана билим берүү эксперттери арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде жүргүзүлөт. EdNet мындай мектептер боюнча толук маалымат болгон учурда, алардын баасы олуттуу өзгөрүшү мүмкүн экенин эскертет. Бирок, алар коомчулукка Бишкек шаарында иш алып барган бардык мектептер жөнүндө маалымат берүү максатында тизмеге киргизилген.