Кыргызстандагы кайсы ЖОЖ билим берүү сапаты боюнча алдыңкы орунда?

Кыргызстандагы кайсы ЖОЖ билим берүү сапаты боюнча алдыңкы орунда?

 

Бишкек, 01.07.25. /Кабар/. Өлкөдө жыл сайын ЖОЖдордун билим берүү программаларынын рейтинги өткөрүлүп турат.

Бул баалоонун негизги максаты - жогорку окуу жайлардын билим берүү системасында сапатты камсыз кылуу, билим берүүнүн мазмунун өркүндөтүү жана студенттерге татыктуу билим алууга шарт түзүү. Муну менен катар кесипкөй адистерди даярдап чыгаруу.

Рейтинг жогорку окуу жайлардын академиялык көрсөткүчтөрү, илимий-практикалык жетишкендиктери, окутуучулардын квалификациясы, студенттердин билим сапаты жана эмгек рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү сыяктуу бир катар критерийлер боюнча жүргүзүлөт.

Ошондой эле ЖОЖдордун эл аралык кызматташуусу, санарип технологияларды колдонуу деңгээли жана бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуу көрсөткүчү дагы эске алынат.

Министрлик тарабынан жүргүзүлгөн бул рейтинг системасы аркылуу атаандаштык жаралып, ар бир окуу жай өзүнүн билим берүү программаларын заман талабына ылайыктап өнүктүрүүгө кызыкдар болушат.

Натыйжада студенттер сапаттуу билимге ээ болуп, өлкөдө өз ишин жогорку деңгээлде өздөштүргөн кесипкөй адистердин саны өсөт.

Рейтингди жүргүзгөн EdNet билим берүү сапатын камсыздоо агенттигинин директору Оңолкан Уманкулованын айтымында, аталган агенттик быйыл да Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен биргеликте билим берүү системасынын улуттук рейтингин жүргүздү.

“Бул рейтинг былтыркыдан эмнеси менен айырмаланат? ЖОЖду тандоодо сиз ат, кадыр-барк тандайсыз, бирок ошол эле учурда белгилүү бир программаны, белгилүү бир кесипти окууга келесиз. Ал эми алдыңкы университет билимдин белгилүү бир тармагында лидер боло албай калган учурлар көп кездешет. Тескерисинче, бардык университеттердин арасында орточо болгон университет белгилүү бир тармакта лидер боло алат.

Бул жылы EdNet University Rankings предмети боюнча 2025 суроо-талапка ээ болгон 6 багытта өткөрүлдү:

  • Педагогика;
  • Дарылоо иши;
  • Эл аралык мамилелер;
  • Юриспруденция;
  • Экономика,
  • Маалыматтык технологиялар жана маалыматтык технологиялар жана системалар.

Уманкулова белгилегендей, Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдордун билим берүү программаларынын рейтинги төмөнкү 6 криттерийден турат:

  • Академиялык репутация;
  • Иш берүүчүлөр тарабынан репутацияга баа берүү;
  • Билим берүү чөйрөсү;
  • Scopus`тагы макалалардын саны;
  • Хирш индекси;
  • Эл аралык изилдөө тармагы.

Жалпысынан билим берүү программалары 67 параметр боюнча бааланган. Программаны баалоого өлкөбүздүн бардык аймактарынан 806 мугалим жана 295 иш берүүчү катышты.

Рейтингдин жыйынтыгы боюнча маалымат төмөнкүдөй:

“Педагогика” багыты боюнча:

  • Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;
  • Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети;
  • Ала-Тоо эл аралык университети;

“Жалпы медицина” багыты боюнча

  • И.Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясы;
  • Эл аралык жогорку медицина мектеби;
  • Ош мамлекеттик университети;

“Юриспруденция” багыты боюнча

  • Ала-Тоо эл аралык университети;
  • Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети;
  • Ош мамлекеттик университети.

“Эл аралык мамилелер” багыты боюнча

  • Ала-Тоо эл аралык университети;
  • Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;
  • Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети.

“Экономика” багыты боюнча

  • Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;
  • Ала-Тоо эл аралык университети;
  • Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети.

“Маалыматтык технологиялар” жана “Маалыматтык технологиялар жана системалар” багыттары боюнча

  • Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;
  • Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети;
  • А.Адышев атындагы Ош технологиялык университети.

Уманкулова ошондой эле, рейтингдин бардык жыйынтыктары менен www.rating.kg сайтынан таанышууга болорун кошумчалады.

“Бул сайтта бир гана алдыңкы окуу жайлар тууралуу маалыматтар эле эмес, башка окуу жайлар кайсы багытта ийгиликтерди көрсөтүп жаткандарын көрүүгө болот”,-деп жыйынтыктады Уманкулова.

https://kabar.kg/news/page_3/