Маалымат технологиялары
- Рейтинг
- Билим берүү программаларынын рейтингдери
- Рейтинг методологиясы
- Рейтинг критерийлери
- EdNet University Rankings by Subject 2025
Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун билим берүү программаларынын рейтинг критерийлери
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын билим берүү программаларынын рейтинг критерийлери төмөнкү алты негизги топко бириктирилген көрсөткүчтөрдүн негизинде түзүлүшү керек:
- Академиялык аброю
- Иш берүүчүлөр арасындагы аброю
- Билим берүү чөйрөсү
- Scopus базасындагы жарыялардын саны
- Хирш индекси
- Эл аралык изилдөө тармагы (факультеттин кеңири тармактары боюнча)
Академиялык аброю
Рейтингдин методологиясы ар бир багыт боюнча алдыңкы 150 окутуучуну сурамжылоого негизделет. Окумуштуулардын жоопторуна таянып, бул көрсөткүч — башка окумуштуулар кайсы университеттерди илимий изилдөөлөр үчүн мыкты деп эсептей турганын көрсөтөт. Андан соң жыйынтыктар ар бир респондент көрсөткөн так билим тармагына жараша бөлүнүп, иреттелет
Иш берүүчүлөр арасындагы аброю
Ар бир тармактагы 75 алдыңкы иш берүүчүнү сурамжылоо ар бир программанын кесиптик чөйрөдөгү аброюн аныктоого жардам берет. Бул көрсөткүч иш берүүчүлөрдүн жоопторунун негизинде эсептелет. Алардан бүтүрүүчүлөрдү ишке алууда эң ылайыктуу деп эсептеген ЖОЖдорду жана кайсы багыттагы адистерге артыкчылык берерин көрсөтүү суралат.
Билим берүү чөйрөсү
Окутуунун сапаты ар кандай көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгы менен эсептелет: окутуучулар менен студенттердин санынын катышы, штаттык окутуучулардын саны, илимий даражалары жана наамдары бар окутуучулардын үлүшү, лабораториялардын, компьютердик класстардын жеткиликтүүлүгү ж.б.
Scopus базасындагы жарыялардын саны
Цитаталар боюнча бардык маалыматтар Elsevier Scopus базасынан алынат. Ар бир тема боюнча жарыялардын минималдуу чеги аныкталат, бул өтө аз, бирок жогорку цитаталуу макалаларга байланыштуу мүмкүн болгон бурмалоолорду алдын алат.
Жарыялардын минималдуу чеги жана цитаталар көрсөткүчүнө берилүүчү салмак ошол илимий тармактагы жарыялоо жана цитаталоо тенденцияларына ылайыктап белгиленет.
Хирш индекси
Хирш индекси — бул ЖОЖдогу окутуучунун же кафедранын илимий ишмердүүлүгүн жана таасирин баалоо ыкмасы. Ал окумуштуунун эң көп цитаталанган эмгектеринин топтомуна жана алардын башка басылмаларда канча жолу колдонулганына негизделет.
Эл аралык изилдөө тармагы (факультеттин кеңири тармактары боюнча)
IRN индекси жогорку окуу жайларынын башка эл аралык ЖОЖдор менен туруктуу илимий өнөктөштүктү орнотуу аркылуу өзүнүн эл аралык изилдөө тармагынын географиясын кеңейтүү жөндөмүн чагылдырат.
Баалоо ар бир билим берүү программасы боюнча өз-өзүнчө жүргүзүлөт жана ар бир рейтингге чейин өзүнчө буйрук менен бекитилет.
Критерийлердин тизмеси да эл аралык рейтинг методологияларындагы же стейкхолдерлердин сунуштарындагы өзгөрүүлөргө жараша өзгөртүлүшү мүмкүн.
Баалоо рейтинг үчүн атайын иштелип чыккан компьютердик программа жана өлкөдөгү эң кеңири масштабдагы окутуучулар менен иш берүүчүлөрдү камтыган сурамжылоо аркылуу жүргүзүлөт. Бул процесстин максималдуу объективдүүлүгүн жана комплекстүүлүгүн камсыздайт.