ЖОЖдордун Рейтинги

2023-жылдын февралында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун I-Улуттук рейтингин (мындан ары - Рейтинг) өткөрүүчү уюмдарды тандоону жарыялаган.

Бул тандоонун жыйынтыгы боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин комиссиясы жеңүүчүнү жана ошого жараша Рейтингдин оператору «EdNet Билим берүүнүн чөйрөсүндөгү сапатын кепилдиги боюнча агентствосу» коомдук фондун (мындан ары EdNet) аныкталды.

2023-жылдын 4-сентябрында КР Өкмөтүнүн № 4981/1 “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын улуттук рейтингин өткөрүү жөнүндө” буйругу чыккан, анда КР Билим берүү жана илим министрлиги менен EdNet ортосунда Рейтингди өткөрүү боюнча Меморандумду түзүү жана 2023-жылдын 1-октябрынан тартып EdNet тарабынан рейтингди жүргүзүү тапшырылган. 

2023-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен EdNet коомдук фондунун ортосунда "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен EdNet Билим берүүнүн чөйрөсүндөгү сапатын кепилдиги боюнча агентствосу ортосунда Жогорку окуу жайларынын Улуттук рейтингин өткөрүү маселеси боюнча кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандуму" түзүлгөн.

Рейтингдин максаты - ЖОЖдор көрсөткөн билим берүүнүн, илимий-изилдөө жана социалдык кызматтардын сапатынын, ошондой эле эл аралык деңгээлге чыгуу деңгээлинин негизги критерийлери боюнча Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдордун ишмердүүлүгүнө жана билим берүү программаларына баа берүүнүн көз карандысыз системасын иштеп чыгуу.

Рейтингге катышуу университеттердин таанылышын жогорулатууга жана алардын атаандаштык артыкчылыктарын жана тобокелдиктерин объективдүү баалоого жардам берет. Рейтинг билим берүүнүн сапаты эмгек рыногунун талаптарына канчалык деңгээлде жооп берерин жана Кыргызстандын билим берүү системасынын өнүгүү өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен коомчулуктун маалымдуулугун камсыз кылуу максатында түзүлгөн.

Рейтинг максаттары:

  • университеттин азыркы абалына, анын өлкөнүн жогорку билим берүү системасындагы ордуна, келечектеги мүмкүнчүлүктөрүнө, жогорку кесиптик билим берүүнүн улуттук системасындагы позициясына объективдүү баа берүү, анын кадыр-баркын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
  • потенциалды өнүктүрүү жана көйгөйлүү аймактарды жеңүү жагынан улуттук университеттин менеджментинин мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу, жогорку окуу жайларынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзүү;
  • жогорку окуу жайлардын ишмердүүлүгүнө системалуу баа берүүнү жүргүзүү; 
  • билим берүү кызматтарынын эл аралык рыногуна чыгуу үчүн улуттук университеттерди эл аралык рейтингдерге катышууга даярдоо;
  • университеттерди жана билим берүү программаларын баалоо методдорун иштеп чыгуу.

Кыргыз Республикасынын Улуттук рейтингинин критерийлери QS рейтингинин критерийлери менен салыштырылууга мүмкүн болгон критерийлердин алты негизги тобунун тегерегинде топтоштурулган баалардан турат: 

  • Академиялык репутация (университеттин бардык баалоосунун 30%)
  • Иш берүүчүнүн баалоосу (20%)
  • Окутуунун сапаты (15%) 
  • Цитаталардын индекси (20%)
  • Чет өлкөдөн келген мугалимдердин саны (10%)
  • Чет өлкөлүк студенттердин саны (5%)

Рейтинг 8 этаптан турат.

I этап.

Биринчи этапта EdNet жетекчилиги рейтингдин максаттарын, методологиясын жана этаптарын түшүндүрүү максаты менен ЖОЖдун жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү. Андан соң жогорку окуу жайлардын жетекчилери келишимдерге кол коюшуп, ЖОЖдордон бир координатор дайындалды.

II этап.

Бул этапта университеттер www.rating.kg маалымат тутумуна кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. ЖОЖдордун координатору бардык керектүү маалыматты төмөнкү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринен алды:

  • факультеттердин декандары же аларга теңештирилген адамдар;
  • окуу бөлүмүнүн башчысы же ага теңештирилген адам;
  • дипломдук бөлүмдөрдүн жетекчилери же аларга теңештирилген адамдар.

Бул адамдар алдыңкы 10 мугалимдердин аты-жөнүн жана байланыш маалыматтарын жана 5 өз билим тармагындагы лидер болгон, бул университеттин бүтүрүүчүлөрүн тарткан өлкө ичиндеги иш берүүчүлөрдүн жана 2 чет элдик иш берүүчүнүн киргизишти.

III этап.

Координатор ЖОЖдордун анкетасын толтурду. Бул анкета ЖОЖдорго өзүнүн потенциалын, мүмкүнчүлүктөрүн жана келечегин максималдуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.

IV этап.

Координатор бардык маалыматтарды толтургандан кийин, EdNet командасы жумшак рейтинг ыкмасын колдонуу менен, ошондой эле агенттиктин эксперттеринин пикирлерин эске алуу менен 1000 алдыңкы мугалимди жана 500 иш берүүчүнү, ошондой эле чакан резервди аныктады.

V этап.

Бешинчи этапта агенттиктин социологдор тобу тарабынан тандалган мугалимдер жана иш берүүчүлөр арасында сурамжылоо жүргүзүлгөн. VI этап. Сурамжылоодон кийин SCOPUS маалыматтары системага киргизилди.

VII этап

Сурамжылоолорду жүргүзүп, SCOPUS маалыматтарын киргизгенден кийин Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдордун рейтинги көрсөтүлгөн. Рейтингдин жыйынтыгы компьютердик программа аркылуу аныкталды. Бул этап 2024-жылдын 25-апрелине чейин аяктады. 

VIII этап

Рейтингдин жыйынтыгын коомчулукка көрсөтүү. Бул этаптын аягы июнь айынын биринчи жарымы. болуп эсептелинет.