ЖОЖдордун Рейтинги
- Рейтинг
- ЖОЖдордун улуттук рейтинги жөнүндө
- Методология
- Критерийлери
- Рейтинг комиссиясы
- Рейтингдердеги орундардын маанилүүлүгү
Жогорку окуу жайларды баалоонун негизги критерийлери
Ар бир рейтинг өзүнүн уникалдуу критерийлерин колдоно алат, бирок эң кеңири таралгандары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Окутуунун сапаты: Окутуу программаларын, окутуучулардын квалификациясын жана окутуу шарттарын баалоо. Замандын талабына ылайык жаңы окуу технологияларынын жана методикаларынын болушу да маанилүү аспект болуп саналат.
- Илимий ишмердүүлүк: Илимий изилдөөлөрдүн, гранттардын жана публикациялардын саны жана сапаты. Илимий изилдөөлөргө активдүү катышкан окуу жайлар адатта жогорку рейтингге ээ.
- Инфраструктура: Замандын талабына ылайык лабораториялардын, китепканалардын, жатаканалардын жана башка ресурстардын болушу. Жакшы инфраструктура студенттер үчүн сапаттуу билим жана ыңгайлуу жашоо шарттарын камсыз кылат.
- Социалдык активдүүлүк: Коомдук долбоорлорго, ыктыярчылык кыймылдарга жана спорттук иш-чараларга катышуу. Студенттердин социалдык активдүүлүгүн колдогон жогорку окуу жайлар алардын ар тараптуу өнүгүүсүнө өюөлгө болот.
- Бүтүрүүчүлөрдү ишке орношуусу: Ишке орноштуруу деңгээли жана бүтүрүүчүлөрдүн орточо эмгек акысы. Бул критерий бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүккө канчалык деңгээлде даяр экенин жана эмгек рыногунда канчалык суроо-талапка ээ экенин көрсөтөт.